Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мүнөздүү ачуу даамы бар, тамакка татылуучу, кристалл түрүндөгү зат. Бир тоонун баары бүтүн туз, Кайберендер кемирген (Токтогул). Тузду өлчөп татытсаң, ашыңда даам болот (Сыдыкбеков). 2. өт. Жанга тийген сөз, чымчып сүйлөгөн же какшык түрүндө айтылган сөздөрдүн куйкумдуу мааниси. Туз кошпой сүйлөө. Сөзүндө тузу бар. 3. Ар кандай заттардын химиялык бирикмеси. Кочкор тузу. Калий тузу. Топурак катмарынын тузу.